Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүнү карап жатат

03.03.2021 18:11
1083
Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүнү карап жатат

Премьер-министр Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


 Маалым болгондой, Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

 Ал эми элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын жана жүк жакынкы күндөрү келерин айтты.


Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашты.


Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүлдү.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асанкайгы
Койгулачы, бизди под опытный кролик кылганы атышат.....биз аркылуу сыноодон откорот, тируу калсак мына биз таптык дейт....болбосо оздору олуп калышты дейт.....лучше орустардын Спутнигин суйлошкуло........тээ Африкадан бери очередге туруп атышат