Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер үчүн 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткаптар жана миң коргонуучу кийимдер келген. Мындан сырткары 10 миң беткапты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышкан.
Жардамга келген каражаттарды “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн