Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытай Кыргызстанга миң тоннадан ашык ун, 75 тонна кумшекерди гуманитардык жардам катары берди

04.11.2021 14:53
646
Кытай Кыргызстанга миң тоннадан ашык ун, 75 тонна кумшекерди гуманитардык жардам катары берди


 


Бүгүн, 2021-жылдын 4-ноябрында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамды  кабыл алуу жана берүү актысына кол коюунун расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, Кытай Эл Республикасынан гуманитардык жардамды алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аныкталды.


Гуманитардык жардам 58 контейнерде, 1150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майы түрүндө келген.


2021-жылдын 5-октябрынан 25-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан контейнерлер түшүрүлүп, гуманитардык жүктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атайын токтомуна чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында сактоого коюлду.


Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык жардамды кабыл алуу жана өткөрүү актысына кол коюшту.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн