Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кытай Кыргызстанга жардам катары аскердик техника берет

27.07.2022 14:36
504
Кытай Кыргызстанга жардам катары аскердик техника берет


Кытай Кыргызстанга баасы 50 миллион юань турган аскердик техника берет. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Пекинге кышкы Олимпиаданын ачылышына барганда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан. Ошол учурда Кытай тарап өлкөгө аскердик техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирген.

"Кандай техника аларыбыз биздин өлкөдөн көз каранды. Куралдуу күчтөрдүн муктаждыгына жараша алына турган техникалардын тизмесин жиберебиз. Ал байланыш каражаттары, техникалык жабдуулар болушу мүмкүн. Азыр эки өлкөнүн Коргоо министрликтери сүйлөшүп жатат, алар алына турган техниканын тизмесин түзүп макулдашкандан кийин алып келинет. Сүйлөшүү азыр кайсы стадияда турганын айта албайм", — деди Кулубаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн