Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кытай Ошко гуманитардык жардам жеткирди

10.08.2021 08:35
428
Кытай Ошко гуманитардык жардам жеткирди

Ош шаарына Кытайдын Синин шаарынан медициналык каражаттар түрүндөгү жардам келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


 Белгилүү болгондой, 9 -августта Ошко достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын Синин шаарынан медициналык каражаттар менен гуманитардык жардам келип түштү.


Анда медициналык беткаптар, респираторлор, коргоочу костюмдар, инфракызыл термометрлер бар. Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, Кытай тараптан келген өкүлүдөргө ыраазычылык билдирди.


Гуманитардык жүк Ош шаарындагы жаңы типтеги COVID-19дун таралышын алдын алуу максатында шаардын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына бөлүштүрүлөт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн