Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кытай адистери келе албай калгандыктан Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кечеңдеп жатат, - Министр

12.05.2020 15:03
899
Кытай адистери келе албай калгандыктан Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кечеңдеп жатат, - Министр


Коронавирус илдетине байланыштуу 35 маанилүү адис Кытайдан келе албай калгандыктан Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулушунда көйгөй жаралууда. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов эл өкүлү Тынчтыкбек Конушбаевдин “Беш жылдан бери аталган унаа жолунун курулушу уланып келет. Толук бүткөрүлгөн күн келеби?” деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Министрдин айтымында, жолду куруу иши дагы деле жүргүзүлүп жатат, коронавирус илдетине байланыштуу 35 маанилүү адис Кытайдан келе албай, учурда көйгөй жаралууда.


Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов илдетке байланыштуу аталган жолдун бүткөрүлүшү алты айга кечиктирилерин маалымдады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн