Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Кытай армиясы Тайвандын айланасында күчөтүлгөн аскердик машыгуусун баштады

04.08.2022 11:23
517
Кытай армиясы Тайвандын айланасында күчөтүлгөн аскердик машыгуусун баштады

Бүгүн, 4-августта Кытай армиясы Тайвандын айланасында күчөтүлгөн аскердик машыгуусун баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары Кытайдын борбордук телеканалына таянып кабарлады.



Маалыматка ылайык, Кытай армиясынын машыгуусу 7-августка чейин өткөрүлөт.

Аскердик машыгуу учурунда согуштук учактар, деңиз жана кургактыктагы согуштук техникалар колдонулат.


Аскердик машыгуу өтүүчү аймактын асманы, деңизи жана кургактыгы башка кыймылдар үчүн жабык болот.


Эске салсак, АКШнын парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон иш сапары оор кесепеттерге жол ачарын Кытай өкмөтү эскерткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн