Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 22:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кытай бийлиги Би-Би-Си жаңылыктарын көрсөтүүгө тыюу салды

12.02.2021 08:28
423
Кытай бийлиги Би-Би-Си жаңылыктарын көрсөтүүгө тыюу салды

Кытай бийлиги, Британиянын Телерадиоберүү корпорациясынын (Би-Би-Си) курамына кирген эл аралык коомдук маалыматтык BBC World News каналынын өлкөсүндө анын материалдарынын «бир жактуулугунан» улам, көрсөтүүгө тыюу салгандыгын жарыялады. Бул тууралуу China Global Television Network (CGTN) Улуттук радио жана телекөрсөтүү башкармалыгына (NRTA) шилтеме берүү менен билдирди.


"Би-Би-Синин Кытайга байланыштуу айрым маалыматтары журналистикада чындыктын жана бейтараптуулуктун принциптерин бузат", - деп билдирди кытайлык телекомпаниянын билдирүүсүндө.


Бул кадам ушул айдын башында Улуу Британиянын телерадиоберүү органы Ofcom тарабынан CGTN лицензиясынын жокко чыгарылышына жооп катары кабыл алынган.


CGTN англис, орус жана башка тилдерде эл аралык аудитория үчүн Кытай эл аралык жаңылыктары каналы күнү-түнү обого чыгып турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн