Кытай Кыргызстан менен автотранспорттук каттамдарды көбөйтөт. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-декабрдан тарта "Эркештам", "Торугарт" өткөрмө бекеттеринде каттамдарды жанданта баштайт.
Өткөрмө бекеттеринин иштөө графигин 8 сааттан 10 саатка көтөрүү пландалууда.
Белгилүү болгондой, Артем Новиков менен Кытай элчисинин жолугушуусунда чек ара бекеттеринде ишти жандантуу талкууланган эле.
Пикирлер (1)