Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кытай чоң суммада грант берет жана тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартканы үчүн кошумча төлөм талап кылбайт

12.05.2021 10:15
2943
Кытай чоң суммада грант берет жана тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартканы үчүн кошумча төлөм талап кылбайт


Кытай Эл Республикасынын (КЭР) тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И кытай тараптын Кыргыз Республикасынын КЭРге мамлекеттик тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартканы үчүн кошумча төлөм талап кылбай тургандагы тууралуу чечимин билдирди.

КР ТИМден маалымдагандай, кытай тарап мындай чечимди Сиань шаарында КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, КЭРдин тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу учурунда айтты.

Министр Ван И КРнын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөгү аракетин жогору баалады.

“Тараптар аймактагы тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, Борбор Азияда коопсуздук жана туруктуулукту камысздоо, жаралган маселелерди сүйлөшүулөр жолу менен чечүүгө умтулуу аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигинде бирдиктүү болушту. Кытай тарап муктаждыктар жана керектөөлөр боюнча кошумча так маалымат берилгенден кийин КРнын жаңжалдуу аймактан жабыркаган жашоочуларына жардам көрсөтүугө даяр экендигин билдирди”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, кытай тарап  Кыргызстанга кайтарымсыз грант түрүндө 54 миллион доллар каражат бөлөт. Бул каражат өлкөнүн экономикасын колдоо максатында берилет жана  мамлекеттик тышкы карызга кошулбайт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2022-2023-жылдарга КЭР ТИМи менен КР ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн