Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кытай элчиси Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маалымат берди

11.02.2022 16:48
1728
Кытай элчиси Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маалымат берди

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Кабар” агенттигине маек куруп жатып Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралинин курулушу тууралуу айтып берди.


Элчинин айтымында, Пекиндеги эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда көтөрүлгөн темалардын бири темир жолдун курулушу болгон.


“Кыргызстанда бул маселеге көбүрөөк көңүл бурулууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кытай тараптын позициясы активдүү жана ачык экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. 25-январда Кытай менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган видеосаммитте Кытайдын президенти Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын белгиледи. Пекиндеги жолугушууда эки өлкөнүн башчылары темир жолдун курулушун илгерилетүү боюнча өздөрүнүн позициясын дагы бир жолу билдиришти”, - деди ал.


Ду Дэвэнь долбоордун жүрүшүн тездетүү Борбордук Азиянын транзиттик жана транспорттук потенциалын толук ачуу үчүн маанилүү кадам экенин белгилейт.


“Учурда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын тиешелүү кызматтары долбоорду ишке ашыруунун алкагында тыгыз байланышта болууда”, - дейт элчи.


 Булак: kabar.kg


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн