Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кытай инвесторлору Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

26.04.2024 16:58
372
Кытай инвесторлору Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо


Нарында унаа чогулта турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Ага ылайык, кытайлык инвесторлор менен облус жетекчилигинин ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлган.


"Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод курууга ылайыктуу жер аныкталса завод курулуш башталат. Ал Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автоунааларды курап баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейин жумуш орун түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле инвесторлор жолугушууда Кытайдагы үч заводдон чыгып жаткан автоунаа үлгүлөрүн көрсөтүшкөнү кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн