Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытай коронавирустун масштабын жашырганбы?

04.05.2020 13:37
1015
Кытай коронавирустун масштабын жашырганбы?


АКШнын бийлик адамдары, Кытайда илдет менен күрөшүүгө керектүү медициналык товарларды камдап алуу үчүн коронавирустун масштабдуу туу чокусун жана анын жугуу деңгээлин жашырышкан, деп эсептешет. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги америкалык чалгындоо документине шилтеме берип маалымдады.


Документте айтылгандай, коронавирустун олуттуу даражасын азайтып көрсөтүү менен Кытай импортту көбөйтүп, медициналык маанидеги каражаттарды, дары-дармектерди экспорттоону кыскартты. Муну менен бийлик экспорттук чектөөлөрдү жашырып, өзүнүн товарын жиберүүнү кечеңдетип жатат.


Докладда жазылгандай, Кытай январь айы толугу менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан коронавирусту жуктургандар тууралуу чыныгы маалыматты жашырып жатты. Мындай тыянак Кытайдын импорт жана экспортун нормаларын кайра кароого 95 пайыз мүмкүн экенине негиз болду.


АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Америка тарап коронавирус Ухань шаарындагы лабораторияда иштелип чыкканын, бул версияны карап жана анын пайда болуу себептерин иликтеп жатканын маалымдап келет.


АКШ президенти COVID-19 вирусун Пекин билип туруп жайылып кетүүгө жол бергенин айтып келген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өз кезегинде Кытай өлкөсү коронавирус эпидемиясы тууралуу жарыяланган маалыматтарга башынан бери ачык жана жоопкерчиликтүү мамилени карманып келгенин айтат.


Булак: centralasia.media


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн