Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытай менен АКШнын дипломатиялык тиреши күчөдү

14.04.2020 09:16
743
Кытай менен АКШнын дипломатиялык тиреши күчөдү


COVID-19 пандемиясынын айынан чоң державалардын ортосунда тиреш күч алды. Кытай менен АКШнын дипломатиялык тирешине көңүл буруп, башка мамлекеттердин кайым айтышуусу көз жаздымда калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгууда.


АКШнын президенти Трамп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "Кытайга гана көңүл бурат", ошондуктан уюмга "каражат бөлүүнү токтотобуз" деп опузалаганы жаңылыктардын сап башына чыкты.


Ага карабастан дипломатиялык тирешүүлөр башка аймактарда дагы катталды. Алардын баарында Кытайдын тиешеси бар.

"Оор учурда мамлекеттер биригип, бири-бирине жардам сунушташы керек эле. Бирок бул теория бойдон калды. Кризис учурунда мамлекеттер жабылып, кызматташуунун ордуна атандашууга көңүл бурду", - дейт Лондондогу экономика жана саясат мектебинин окумуштуусу София Гастон.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн