Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кытай менен Кыргызстан маданий тармакта кызматташат

28.05.2021 09:49
3033
Кытай менен Кыргызстан маданий тармакта кызматташат

Кечээ, 27-майда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, министр элчини тосуп алып, китепкананын директору Нуржан Иманкулова менен биргеликте китепканага экскурсия жасалды. Өзгөчө көңүл көпчүлүк жаштарды кызыктарган кыргыз-кытай окуу борборуна бурулду.

Маданият жана дипломатия коңшу өлкөлөр ортосундагы достуктун дирижеру болуп саналары анык.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь улуттар аралык мамиледе маданияттын ролу өзгөчө экендигин тастыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурда министрликтин карамагында кирген жаштар иштери боюнча багытынын негизинде эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда жагымдуу атмосфераны түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз болду.

Өз кезегинде министр учурдагы оор кырдаалда жарандардын руханий адеп-ахлактуулугун сактоо үчүн маданият менен искусствону эркин өнүктүрүү керек экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик басма сөз кызматынын ортосунда кол коюла турган протоколго ылайык, өз ара классикалык улуттук адабий чыгармаларды кыргыз жана кытай тилине которууда, эки өлкөнүн жазуучуларынын кызматташуусу тууралуу пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, тараптар алдыдагы маанилүү даталарга токтолуп, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы, Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы да талкууланды.

Жыйынтыгында көрсөтүлгөн даталарга карата конкреттүү иш-чараларды өткөрүү маселесин биргеликте иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий мамилелерди өркүндөтүү кызыкчылыгы үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн