Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытай мунай сатып алууну көбөйттү

09.06.2020 15:04
991
Кытай мунай сатып алууну көбөйттү

Апрелге салыштырмалуу мунай импорттоо май айында 15 пайызга жогору болду – өткөн жылдын ноябрындагы рекордду жаңылаган Кытай май айында 48 миллион тонна кара алтын ташып келди деп билдирди Bloomberg агенттиги.

Энергетикалык рынок үчүн оорчулук мезгилде Кытай эмне үчүн мунай импорттоону чукулунан мынчалык көлөмгө көбөйттү?


Аналитиктердин айтымында, сөз болуп жаткан көлөм россиялык бардык мунай компаниялар сутка ичинде өндүргөн 11,5 миллион баррелге барабар. ОПЕК+ келишиминин шарттары боюнча Россия үчүн мунай өндүрүү көлөмүн азыр күнүнө 8,5 миллард баррелден ашырууга болбойт. Ал эми Кытай май айында мунайды арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калды.


Кытай эми мунай импорттоону азайтат дешке болбойт. Анткени, асман алды өлкөсүнүн экономикасы пандемиянын кесепеттеринен кийин акырындап калыбына келе баштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн