Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кытай мусулмандарды куугунтукка алганы үчүн АКШ санкциясына кабылды

10.07.2020 15:12
924
Кытай мусулмандарды куугунтукка алганы үчүн АКШ санкциясына кабылды


АКШ Шинжаң аймагындагы "тарбиялоо лагерлери" боюнча Кытай расмийлерине каршы санкция жарыялады. Алар адам укуктарын тебелеп, аймактагы мусулмандарды куугунтукка алган деп айтылууда. Бул тууралуу BBC кыргыз кызматы жазып чыкты.


Вашингтон Шинжаң-уйгур автоном районунун коммунисттик партиянын жетекчиси Чэнь Цюаньго жана үч жогорку даражадагы расмийге санкция жарыялады. Ошондо АКШ биринчи жолу коммунисттик партиянын жогорку даражадагы расмийине каршы санкция чыгарды. Вашингтон Чэнь Цюаньгону "тарбиялоо лагерлерин" уюштурган адам катары атады.


Буга чейин Цюаньго Тибетти башкарган эле. Мындан ары америкалык компаниялар бул кишилер менен бизнес жүргүзө албайт жана алардын кошмо штаттарындагы мүлктөрү тоңдурулат.


Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка этникалык азчылыктар кармалып турганы боюнча маалыматтар бар. Сот жана тергөөсү жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды Бээжин четке кагып келет. Кытай бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айтууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн