Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 21:45
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Кытай өкмөтү кыргызстандык студенттерге 17 стипендия бөлдү

11.12.2024 13:55
100
Кытай өкмөтү кыргызстандык студенттерге 17 стипендия бөлдү


Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына Кытай эл республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окутуу үчүн кыргызстандыктарга конкурстук тандоо башталганын маалымдады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай эл республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Кытай мамлекетинен Билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз республикасынын жарандарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча 17 орунга мамлекеттик стипендия бөлүндү.

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режимде каттоодон өтүшү керек:

1-кадам. https://bilim.gov.kg/ky порталы

2-кадам. https://student.edu.gov.kg/ порталы (Чет өлкөдө билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу порталы)

3-кадам. “2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн стипендиясы” программасы, керектүү талааларды толтуруу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2025-жылдын 15-январы Бишкек убактысы боюнча саат 23:59га чейин жүктөө керек.

Кытайдын университеттери, программалары жана каттоо тартиби тууралуу маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот.

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/posts/3735/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн