Кытайдагы университеттердин биринде окумуштуулар коронавирус илдетин изилдеп көргөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында алар COVID-19 вирусунун 24 түрүн аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, окумуштуулар жарканаттардын шилекейин изилдөөгө алган. Жарканаттар 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын ноябрь айына чейин изилденген.
Окумуштуулар изилдөөсү көрсөткөндөй, коронавирус жарканаттарда гана калбастан адамдарга жана үй ошондой эле жапайы жаныбарларга жуга тургандыгы аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн