Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кытай парламенти Гонконгдо улуттук коопсуздукту камсыздоо жөнүндө мыйзам кабыл алды

30.06.2020 13:00
1082
Кытай парламенти Гонконгдо улуттук коопсуздукту камсыздоо  жөнүндө мыйзам кабыл алды


Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын (Кытайдын парламенти) Туруктуу комитети бүгүн, 30-июнда Гонконгдо улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзамды кабыл алгандыгын South China Morning Post гезити кабарлады деп ТАСС агенттиги маалымдады.

 

Мыйзам үчүн Туруктуу комитеттин 162 мүчөсү добуш берди. Тексти азырынча ачыктала элек документ бүгүн түштөн кийин Синьхуа агенттиги тарабынан жарыяланат жана 1-июлдан тарта күчүнө кирет.


Жаңы мыйзам Гонконгдо сепаратизм, терроризм, мамлекеттик бийликке бүлгүн салуу жана чет өлкөлүк Кытайга каршы күчтөр менен кутумчулук кылуу сыяктуу аракеттерге жол бербөөгө жана алар үчүн жазага тартууга багытталган.


Мыйзамда улуттук коопсуздукка абдан олуттуу коркунуч жараткан аракеттер үчүн жазалоонун максималдуу чарасы катары өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.


Бул юридикалык документтин жардамы менен Кытайдын бийликтери өткөн жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин Гонконгдо баш аламандыктарды уюштуруп, атайын административдик райондун экономикасына олуттуу залал келтирген радикалдардын аракеттерин тизгиндей алат.


Мыйзамда Гонконгдун аймагында борбордук өкмөткө гана баш ийүүчү атайын күч түзүмдөрүн жайгаштыруу каралган жана аларды Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басарларынын бири жетектейт деп билдирди South China Morning Post.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн