Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кытай тарабынан чыгарылган жаңы автобустар Бишкекке качан келери айтылды

24.05.2023 17:22
269
Кытай тарабынан чыгарылган жаңы автобустар Бишкекке качан келери айтылды

Бишкекке июль айында жаңы автобустар алынып келе баштайт. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.


Анын айтымына караганда, быйыл Кытайдан 500 автобус алып келинсе, 2024-жылы дагы 500ү жеткирилет.


Мэр мындай мүмкүнчүлүк президент Садыр Жапаровдун 19-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилгендигин кошумчалады.


Президент баштаган делегация мүчөлөрү Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында жайгашкан «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барышкан. Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган.


Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн