Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

76 күн изоляцияда кармалган Ухань шаары эшиктерин ачты

08.04.2020 10:24
1016
76 күн изоляцияда кармалган Ухань шаары эшиктерин ачты


Кытай бийлиги коронавирустун очогу болгон Ухань шаарынын жолдорун ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, шаар тургундары 76 күн сырткы дүйнө менен байланышы жок болгон. 8-апрелге караган түнү жолдор ачылып, элге автоунаалар менен шаардан чыгууга уруксат берилген. 


Ухань шаарында 28-марттан тарта темир жол каттамдары жанданган, 8-апрелден баштап калкты да ташый баштары кабарланат. Мындан сырткары аба каттамдарын да жандандыруу каралганы айтылды.


Маалыматка таянсак, ухандыктар вирус жуктуруп албаса башка аймакка чыга алат.


Эске салсак, 23-январдан тарта Ухань шаарында кыймылдар чектелип, сырткы дүйнө менен болгон байланыш толук үзүлгөн. Мындан сырткары транспорттун бардык түрү токтотулган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн