Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:49
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген

09.07.2024 12:43
131
Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген


Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Кыргызстандан накталай чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгаруу каналына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 1971-жылы туулган Л.Д. аттуу Кытай жараны кармалды. Аталган жаран "Достук автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 355 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып чыгууга аракет кылган.

Көрсөтүлгөн факт боюнча документтештирилген материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, КР министрлер кабинетинин тиешелүү чечими менен Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:

  • резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

"Эгерде Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 миңден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алуу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн