Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга акысыз негизде гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы вакцинанын 150 миң доза өлчөмүндө экинчи партиясын берүүнү чечти.
КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында, кечээ Сиань шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу сүйлөшүүсү болуп өттү.
Жыйынтыгында 2022-2023-жылдарга КР ТИМи жана Кытай ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн