Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кытайда жаңы жугуштуу оору пайда болду

08.08.2022 16:39
921
Кытайда  жаңы жугуштуу оору пайда болду

Кытай жана Сингапур окумуштуулары жаңы оору пайда болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.


Маалыматка таянсак, жаңы аныкталган генипавирус "Ланъя" вирусу   35тен ашык адамдан аныкталган. Окумуштуулардын айтымында, бул жугуштуу оору жаныбарлардан адамга жуккан. Ошондой эле адамдан адамга жугуу жолдору изилденүүдө.

Жугуштуу оору Кытайдын Шаньдун жана Хэнань провинциясында аныкталган.


Оорунун белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, жөтөл, табиттин жоголушу,  баш айлануу жана кусуу.


Илим адамдары белгилегендей, жаңы оору "Нипах" вирусуна окшош болушу мүмкүн. 

Бирок азырынча "Ланъя" вирусу аныкталган жарандар арасында өлүм катталган эмес.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн