Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кытайда COVID-19 башталгандан бери алгачкы ирет жаңы учур катталган жок

23.05.2020 09:00
914
Кытайда COVID-19 башталгандан бери алгачкы ирет жаңы учур катталган жок


Кытайда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери алгачкы ирет бир сутка ичинде жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, соңку сутка ичинде симптому жок ооруну алып жүргөн 28 учур катталып 23ү үйлөрүнө жөнөтүлгөн, үчөө дарыланып жатат. Мындан сырткары, инфекциядан бир дагы адам каза болгон эмес.


COVID-19 башталгандан бери Кытайда 82 971 адам илдетти жуктутуруп, алардын 78 258и сакайды, 79у бейтапканаларда жатса, 4634 киши көз жумган.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 188 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 5 210 065 бейтапты түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн