Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кытайда COVID-19 илдетине чалдыккандардын 93 пайызы айыкты

30.03.2020 08:52
910
Кытайда COVID-19 илдетине чалдыккандардын 93 пайызы айыкты


Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны күн сайын азайып баратат, учурда бейтапканаларда 2396 адам калып, ооругандардын 93 пайызынын абалы жакшырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жазып жатышат.


Маалыматка ылайык, кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 81 470 адамга жеткен, алардан 75 770 адам дарттан айыгып, ооруканалардан чыккан. Бул болсо COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы санынын 93 пайызын түзөт.


Ал эми, дарттан 3304 киши көз жумган, бул  4,05% пайызды түзөт.


Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус илдетин 11-мартта пандемия деп тапкан. Кытай 12-мартта бул оорунун жогорку көрсөткүчү алардын өлкөсүндө артта калганын жар салган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн