Абу-Даби, Пекин жана Ухань шаарларында COVID-19 илдетине каршы инактивацияланган вакцинанын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасы башталды.
Бириккен Араб Эмираттарынын Саламаттыкты сактоо жана профилактика министрлиги Sinopharm CNBG кытай корпорациясына клиникалык сыноолор тууралуу тастыктамасын берди.
Белгиленгендей, үчүнчү фазада вакцинанын натыйжалуулугун жана коопсуздугун кепилдендирүү үчүн катышуучулардын саны көп болушу керек. Ошондуктан вакцинацияны эпидемиянын учурдагы очогу болуп турган райондордо жүргүзүү зарыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн