Кытайдын Чунцин шаарынын Юйчжун ишкер районунда ушул айдын башында асман тиреген төрт имараттан турган Раффлз-Сити комплексинин үстүнө курулган узундугу 300 метрлик горизонталдуу имарат ачылды. Толук бойдон айнектен курулган горизонталдуу имарат бийиктиги 250 метрлик төрт имараттын үстүндө жатат. Курулушу 8 жыл убакытты алган долбоордун автору атактуу архитектор Моше Сафди деп маалымдады Designboom.
Имараттын ичинде ресторандар, бассейндер, кышкы бак, шаардын кичи-музейи жана айнек тамандуу көрүү аянтчасы жайгашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн