Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кытайда ири афёранын бети ачылды

19.06.2020 11:34
1278
Кытайда ири афёранын бети ачылды


Кытайдын полициясы аба каттамдары жылдырылган же кармалган учурларда төлөнүүчү камсыздандыруу менен байланышкан ири көз боёмочулуктун бетин ачты деп билдирди Oddity Central.


Нанкиндик 45 жаштагы Ли аттуу аял өзү ойлоп тапкан схеманын аркасы менен 2015-жылдан 2019-жылга чейин 3 миллион юань (423 миң доллар) пайда көргөн. Ал аба каттамдары үчүн билеттерди камсыздандыруу менен сатып алып, каттамдар чындап эле кармалган же жылдырылган учурлар үчүн арыз жазып, компенсацияларды алып келген.


Тергөө аныктагандай бул аял 4 жылдын ичинде дээрлик 900 арыз берген. Ар бир билетти сатып алаардан мурда атайын изилдөө жүргүзүп, аба ырайы, авиакомпаниялар, “жолсуз” каттамдар туурасында маалыматтарды топтогон, анын мындай “ишмердигине” туристтик компанияда иштеген тажрыйбасы пайдасын тийгизген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн