Бугу 03, 2024
Убакыт: 11:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кытайда кайрадан коронавирустун жогорку коркунучун жараткан аймак табылды

11.05.2020 10:04
1320
Кытайда кайрадан коронавирустун жогорку коркунучун жараткан аймак табылды


Кытайдын Цзилинь түндүк-чыгыш провинциясынын Шулань шаардык уездинде COVID-19 инфекциясын 11 киши жуктуруп алгандан кийин жогорку коркунуч жаралган аймак деп табылды. Бул тууралуу РИА “Новости” провинциянын администрациясынын басма сөз кызматына таянып билдирүүдө.


Кытайдын саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитеттин расмий төрагасы Ми Фэндин айтуусунда, 9-май күнү Кытайда кайрадан массалык жугузуп алуу катталган.


Бир күндүн ичинде өлкө боюнча жаңы жуктурган 12 учур катталган. Ухань шаарында 1 жана Цзилинь провинциясында 11 учур катталды. Бул 11-марттан бери эң жогорку көрсөткүч болуп саналган. Цзилинде ооруга чалдыккандардын бары тыгыз байланышта болгон бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан.

 

«7-майда Шулань шаарында 1 адам катталса, 9-май күнү 9 адамдан аныкталды. Эпидемиологиялык абалды аныктоо боюнча мамлекеттик стандартка ылайык, Цзилинь аймагында эпидемиологиялык коркунуч Шулань шаарында бийик болуп жатат», - деп айтышкан расмий өкүлдөр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн