Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кытайда кыргыз студенти каза болду

Кытайда кыргыз студенти каза болду

Кытайдын Шанхай шаарында 22 жаштагы кыргызстандык жигит жол кырсыгынан каза тапканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Билдирүүдө айтылгандай, 22 жаштагы Ш.Б.М. аттуу Кыргызстандын жараны Кытайдагы университеттердин биринде окуган.


“Кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыгуу үчүн 29-мартта Кыргызстандын Пекиндеги элчилигинин кызматкери ыкчам тартипте Шанхайга жөнөтүлгөн. Алынган маалыматтарга караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.


Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги тарабынан маселе көзөмөлгө алынган. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү, ошондой эле башка зарыл болгон жардамды элчилик көрсөтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн