Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:36
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кытайда коронавирустун жаңы очогу пайда болду

19.01.2021 12:02
514
Кытайда коронавирустун  жаңы очогу пайда болду

Өткөн суткада Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынын 118 жаңы учуру аныкталды, анын ичинен 106 учур өлкө ичинде катталды, деп билдирди КЭРдин Мамлекеттик саламаттык сактоо комитети. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги жазып чыкты.


Коронавирус инфекциясы менен байланышкан оорулардан каза болгондор катталган эмес.

Интерфакстын маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү ички инфекциялардын эпицентри түндүк-чыгыштагы Цзилинь провинциясы болуп, анда оору жуктуруп алгандардын саны көбөйгөн. Өткөн суткада 43 жаңы учур аныкталды, ал эми өткөн жуманын жекшемби күнү 30 кишиден табылган.


Эске салсак, буга чейин эң курч кырдаал өлкөнүн чыгышындагы Хэбэй провинциясында байкалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн