Кытай полициясы атайын операция учурунда коронавируска каршы жасалма вакциналардын ири көлөмүн тапты. Бул тууралуу РИА агенттиги Кытайдын жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан маалыматка шилтеме кылып билдирди.
“Текшерүү учурунда 3 миң жасалма доза табылган. Аны жасаганга аралашкан 80 киши кармалды. Алар жасалма вакциналарды кымбат сатышкан. Бийлик эмдөө бекер боло турганын жана ал лицензия алган борборлордо гана жүрүп жатканын эскертүүдө”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн