Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кытайда марафон учурунда 21 адам тоңуп каза болду

24.05.2021 09:05
1574
Кытайда марафон учурунда 21 адам тоңуп каза болду

ытайдын Ганьсу провинциясында ультрамарафон учурунда аба ырайы кескин бузулуп, жолдо 21 катышуучу каза болду. Бул тууралуу РИА Новости  билдирди.


100 чакырым аралыкты спортчулар тоо арасында чуркап өтүшү керек болгон. Катышуучулар 20-30 чакырым жүргөндө күн бүркөлүп, катуу шамал болуп, мөндүр жаап баштаган. Мындан улам  марафончулар  үшүп, суукка урунуп калышкан.


Көп өтпөй уюштуруучулар иш-чараны токтотуп, 1,2 миң куткаруучуну тоо аралатып жөнөткөн. Анткен менен жеңил кийинип жүргөн спортчулардын айрымдары аба нөл градуска чейин муздаганда тоңуп калышкан.

Байинь шаарынын мэри элден кечирим сурап, каргашанын себебин аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн