Кытайда 7-апрелде коронавирустан бир дагы өлүм-житим катталбаганын жазып чыгышты.
Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө, жаңы катталган 32 учур болгонун, анын баары сырттан келгени айтылды.
Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында инфекциянын бир дагы жаңы учуру катталган эмес. Азыр мурдакы жашоосуна кайтууда. Бийлик бардык чектөөлөрдү алып жатат. Шаардагы соода борборлору ишин баштады, деп жазат эл аралык басылмалар.
Толук эки айдан кийин, 25-мартта гана Хубэй провинциясынын борборунда карантин чаралары бошоңдоду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн