Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кытайда адамды өлүмгө дуушар кылган жаңы вирус пайда болду

25.03.2020 12:22
1013
Кытайда адамды өлүмгө дуушар кылган жаңы вирус пайда болду


Кытайда хантавирус илдетинен каза болгон алгачкы жагдай катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Кытайдын Юньнань аймагында жашаган киши? Шандунь шаарына бараткан автобуста көз жумган. Бул жагдайдан кийин дарыгерлер баардык жүргүнчүлөрдүн саламаттыгын текшерген.


Хантавирус кемирүүчүлөр аркылуу жугат. Мындан сырткары инфекция курт-кумурска менен азыктануучу жарганаттардын чакканынан кийин катталган учурлар кез келген. Хантавирустун адамдан адамга жукпасы да белгилүү. Буга чейин хантавирустан каза болгондор Латын Американын аймагында кездешкен.


Буга чейин, коронавирус чыккан Кытайдын Хубей аймагында 25-марттан тарта үч ири аэропорт (Сянъян, Эньши жана Шэньнунцзя) каттамдарын баштайт деп кабарланган. Ал эми, Ухань шаарында карантин 8-апрелде жыйынтыкталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн