Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кытайда студент кызды өлтүргөн үч жигит өлүм жазасына тартылды

07.07.2022 17:45
525
Кытайда студент кызды өлтүргөн үч жигит өлүм жазасына тартылды


Бейшемби күнү Кытайдын Юньнань провинциясынын Сишуанбанна Дай автономдук префектурасынын Элдик соту 2020-жылдын жайында Кытайдын түштүгүндө 21 жаштагы студент кыздын өлүмү боюнча чуулгандуу иштин өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, үч жигит өлүм жазасына кесилди.


21 жаштагы Ли аттуу студент кызды жигити жана дагы эки киши өлтүргөн окуя Кытайда акыркы жылдардагы эң чуулгандуу окуялардын бирине айланды. Соттун расмий WeChat социалдык медиа аккаунтунда жарыяланган билдирүүгө ылайык, сот 2020-жылдын июль айынын башында 24 жаштагы Хонг Цяо Линин жигити жаңжалдашкандан кийин сүйлөшкөн кызын өлтүрүүнү чечкен. Бул үчүн окуя юолгон учурда учурда жашы 21ге жетпеген Чжан Чэнгуан менен Цао Цзецинден жардам сураган.


Хонг Цяо 2020-жылдын 9-июлунда түнү Мэнхай округундагы сейил бактардын бирине кызды алып барып, Чжан Ченггуан менен Цао Цзецин кызды өлтүрүп, анан сөөктү көмүшкөн. Көп өтпөй полиция үчөөнү тең камакка алган.


Сот үч жигитти атайлап киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына кескен. Чжан Чэнгуан менен Цао Цзецин эки жылдан кийин өлүм жазасына тартылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн