Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кытайда суу каптоодон улам 40 миңден ашуун адам эвакуацияланды

12.07.2023 13:53
1175
Кытайда суу каптоодон улам 40 миңден ашуун адам эвакуацияланды


Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясындагы суу каптаган аймактардан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланганын Кытайдын борбордук телеканалы шаршемби күнү билдирди.


Сычуань провинциясынын жаратылыш ресурстары департаментине шилтеме берүү менен телеканалдын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам провинциянын 60 округундагы 40 миң 596 адам кооптуу аймактардан эвакуацияланган.


Июль айында нөшөрлөп жааган жамгыр Сычуанда суу ташкынына алып келген. 2021-жылы селден улам облуста 720 миңден ашуун адам кырсык зонасында болгон. Былтыр нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел кеминде алты адамдын өмүрүн алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн