21-мартта Кытайдын түштүк тарабында кулап түшкөн жүргүнчү ташуучу учактагы адамдарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу кытай басылмаларына таянып чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы убакытка чейин бир да адамдын денеси табыла элек. Болгону учактын айрым бөлүктөрү жана жүргүнчүлөрдүн буюмдары гана табылган.
Куткаруучулардын издөө иштерин жүргүзүүсүнө аба-ырайы тоскоол жаратып жатканы айтылат.
Боинг-737 учагынын кулашына кыймылдаткычтын иштебей калышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Ал 1000 метр бийиктиктен бир мүнөттө жерге кулап түшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн