Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытайда жер титирөөдөн 4 адам набыт болду

19.05.2020 11:01
894
Кытайда жер титирөөдөн 4 адам набыт болду


Кытайда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып 4 адам каза болуп, 23 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 18-май күнү 21:47лер чамасында (Бишкек убактысы менен 19:47) Юньнань аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан 5,5 миллион калкы бар Чжаотун шаарынын Цяоцзя калаасында үйлөр имараттар жабыркаган.  Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча 4 адам каза болуп, 23 адам жаракат алган. Учурда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Цяоцзя калаасынын тургундарын башка аймактарга көчүрүү жана дайынсыз болуп жаткандарын издөө иштери жүрүп жатат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн