Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кытайдагы элчи Актилек Мусаева Си Цзиньпинге ишеним грамотасын тапшырды

25.04.2023 14:36
398
Кытайдагы элчи Актилек Мусаева Си Цзиньпинге ишеним грамотасын тапшырды

2023-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ишеним грамоталарын тапшырды . Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго салам жолдоду. Өз кезегинде Элчи Актилек Мусаева Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, кыргыз тарап жакшы коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.


Салтанаттын соңунда Си Цзиньпин Кытай Өкмөтү Элчи А.Мусаеванын ишинде ыңгайлуулуктарды түзүп, колдоо көрсөтөрүнө ишендирди жана ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошорун белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн