Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кытайдагы элчи дүйнөлүк дизайн конкурсуна арналган иш-чарага катышты

17.03.2023 16:23
309
Кытайдагы элчи дүйнөлүк дизайн конкурсуна арналган иш-чарага катышты

16-мартта Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева "Кытай жылдызы-бакыттын символу" аттуу дүйнөлүк дизайн конкурсуна материалдык эмес маданий мураска арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган иш-чара ШКУнун коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитети, Пекин эл аралык маданий алмашуулар борбору, Жибек жолунун көркөм өнөрүн изилдөө борбору жана Бүткүл Кытай аялдар федерациясы тарабынан уюштурулган.


Элчи Мусаева бул иш-чаранын өз ара аракеттенүү чөйрөсүн олуттуу кеңейтүүгө мүмкүндүк берерине жана маданият чөйрөсүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну активдештирээрине ишенимин билдирип, маданияттар аралык диалог элдердин ортосунда маданий баалуулуктарды жайылтууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар маданий-гуманитардык кызматташтыктын келечектеги багыттарын талкуулашты жана маданий алмашууларды ар тараптуу тереңдетүүнү улантууну макулдашышты.


Иш-чарага Кытайдын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ШКУ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн