Кытайдын Шаньси провинциясында тынбай жааган жамгыр жана суу ташкындарынан улам табигый кырсык болгон аймакта 1,76 миллионго жакын адам калып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсыктан 15 адам каза болуп, 120 миңи эвакуацияланган.
Суу ташкындарынын кесепетинен дээрлик 20 миң имарат талкаланган, зыяны 5 миллиард юанга же 780 миллион долларга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн