Баш оона 22, 2025
Убакыт: 01:25
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кытайдан 40 студент келди

13.02.2020 16:29
881
Кытайдан 40 студент келди


     Бүгүн, 13-февралда Кытайда окуган 40 студент Бишкекке келишти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.


     Маалыматка ылайык, Пекин-Алматы аба каттамы менен Кыргызстандын 40 студенти Алматы шаарына учуп келген. Андан соң алар атайын жиберилген автобустар менен “Акжол-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кирген. Тепловизор аркылуу текшерүүдөн соң уландар жана кыздар чек ара контролунан өтүштү.


     Бардык студенттердин ден соолугу канааттандырарлык. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, карантиндик аймакта медициналык текшерүүгѳ жиберилген.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн