Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:59
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кытайдан COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө гуманитардык жүк келди (фото)

09.04.2020 09:58
1064
Кытайдан COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө гуманитардык жүк келди (фото)


Саламаттыкты сактоо министрлигинде Кытайдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Ал вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда өткөн.

 

Ду Дэвэнь белгилегендей, Кытай өкмөтүнөн келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү ал үчүн чоң сыймык.

 

«Короновирус инфекциясына каршы күрөшүүдө эки бир тууган эл бири-бирине көмөктөшүүгө кол сунууда. Бул ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү», - деп билдирди Ду Дэвэнь.

 

Аида Исмаилова кыргыз өкмөтүнүн атынан Кытай өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

«Жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге жана алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүчү жактарга бардык чакырыктарга ыкчам, коопсуз түрдө жооп кайтарууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берет. Жеке коргонуу каражаттары медициналык мекемелерге жана чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жөнөтүлөт», - деп белгиледи ал.

 

Вице-премьер министр белгилегендей, бүгүнкү күндө бүтүн дүйнө жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышына туш болду, республика боюнча бул дарттан жабыркагандардын саны 270 адамга жетип, анын ичинен 4 адам каза тапты.

 

«Абалды эске алуу менен кыргыз өкмөтү тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар кабыл алынууда. Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 25-мартынан тарта өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Ал аркылуу өлкө жарандары үчүн чектөө чаралары киргизилиген, ошол эле учурда аталган чаралар аргасыздыктан кабыл алынгандыгын түшүнүүбүз зарыл, мунун бардыгы вирустун күчөшүнүн алдын алуу жана жарандардын ден соолугун сактоо аракетинде жасалууда. Биз бүгүнкү күндө дүйнөдө бир дагы адам аталган дарттан четте калуусуна кепилдик жок экендигин так түшүнүүбүз кажет. Ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн гана колунда экендигин туура түшүнсөк», - деди Аида Исмаилова.


Буга байланыштуу ал өлкө жарандарын адистердин кеңешин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын так аткарууга чакырды. 

 

Кыргызстанга берилген гуманитардык жардамдарга төмөнкүлөр кирет: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны, же болжол менен 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар).


Мындан мурда Кыргызстанга COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер берилген.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн