Кытайдан кезектеги гуманитардык жүктөр келди. Жардам Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району тарабынан кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында берилди.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөгө 3 миллион даана медициналык бет кап, 100 даана N95 бет кап, 20 миң даана коргоочу костюм келди. Жүктөр министрликке тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн