Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кытайдан кезектеги гуманитардык жардам келди

11.05.2020 17:36
936
Кытайдан кезектеги гуманитардык жардам келди


Кытай гуманитардык жардам катары Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, коңшу өлкө 100 миң ПЧР-тест, 30 миң медициналык көз айнек, 30 миң N95 беткап, 150 миң бир жолу колдонучу медициналык беткап жана 1000 термометр берген.


Иш-чарада вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кытай Өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген.


Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытайга гуманитардык жардам бергенин белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн