Бишкек шаарына коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Антикоагулянттар эноксапарин жана нандропарин КР өкмөтү тарабынан Кыргызстандын Кытайдагы Элчилигинин аракеттешүүсү аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган.
Көрсөтүлгөн дарылар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн