Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытайдын 4 миң долларлык электр унаалары чыга баштады

26.02.2021 09:43
811
Кытайдын 4 миң долларлык электр унаалары чыга баштады


Кытайда мамлекет ээлик кылган SAIC Motor компаниясынын электр унаасы 4,500 долларга сатылып, талап Tesla унааларынан ашып түштү.

 

Кытайлык ишкана Hong Guang Mini электр унаасын АКШнын General Motors компаниясы менен биргеликте чыгарууда. Анын 4500 долларга жана 5 миң долларга бааланган үлгүлөрү бар. Кытайда бул унаа "элдик" аталып, талап ай сайын өсүп жатат. Өткөн айда Hong Guang Mini "Тесладан" эки эсе көп сатылды.

 

Hong Guang Mini унаасынын арзандыгы жана айлана-чөйрөнү булгабаганы көптөрдү кызыктырууда. Ага төрт киши отура алат, саатына 100 чакырым ылдамдыкта жүрөт.

 

"Кытай өкмөтүнүн булганыч абанын деңгээлин кыскартуу багытында көп долбоорлору бар. Алардын бири өлкөгө электр унааларды жайылтуу. Ошондуктан кымбат саналган NIO же Tesla унааларына атаандаш катары жеткиликтүү баада Hong Guang Mini сунушталганы жагымдуу кабар", - дейт "Кытай базарын изилдөө тобу" аттуу ишкананын башчысы Шон Рэйн.


Кытай өкмөтү электр унааларга мамлекеттик номурду бекер сунуштап, аларды жайылтууну көздөп турат. Мунай менен жүргөн унааларга мамлекеттик номурду алууга бир нече жыл кетет жана алар аукцион аркылуу сатылат.

 

Tesla менен атаандашуу


2020-жылынын экинчи жарымында Hong Guang Mini 112 миң унаасын сатып, "Тесланын" Model 3 үлгүсүндөгү электр унаадан артта калган. "Тесла" Кытайда 39,000 долларга сатылат.

 

Ушул айдын башында Кытайдын унааларды тескеген мекемеси "Тесланын" коопсуздук жана сапатына карата даттануулар көп болгонун айтып, Шанхайдагы заводдо текшерүүлөрүн баштаган. Бул унааны сатып алган кытайлык кардарлар, айрым учурда ылдамдык башкарылбай калганына даттанышкан. Ага карабастан, "Тесла" АКШдан кийин эле Кытайда эң көп санда сатылат.


"Тесла" бир нече көйгөйгө туш болуп жатканда Hong Guang Mini эки эсеге көп сатылып, америкалык компаниядан ашып түштү. Ошентип кытайлык электр унаасы дүйнөдөгү эң көп сатылган унаалардын бирине айланды.

 

"Коронавирус пандемиясы учурунда көптөр коомдук транспортту колдонуудан кооптонуп, унаа сатып алууну чечкен. Бирок ар бир жаран Tesla сыяктуу кымбат унаага каражаты жок. Демек, арзан саналган Hong Guang Mini сыяктуу жаңы унааларга талап өсө берет", - дейт Рэйн.

 

Эми Кытай Hong Guang Mini электр унаасын чет өлкөгө экспорттоо аракеттерин күчөтөт. Эмитен эле латвиялык унаа өндүргөн завод Кытайдын унаасын чыгарып, Европага жайылтууга макул болгон.


Булак: Би-Би-Си

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн